IT-хаб ишкерлердин өнүгүүгө карай бирге бет алчу аянтчасы - министр

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 17:07
WhatsApp Image 2025-04-10 at 14.27.40.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. IT-хаб ишкерлердин бири-бирине жол көрсөтүп, IT тармагында өнүүгүгө карай бирге бет алуучу аянтчасы болот. Бул тууралуу "Технопарк" IT-хабынын ачылышы аземинде санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.

Министрдин айтымында, IT-хабдагы компания-резиденттерди жеке жана мамлекеттик деп бөлүп кароого болбойт.

“IT технологиясы жеке жана мамлекеттик компаниялардын жардамында өнүгөт. Андыктан, аларды жеке жана мамлекеттик деп бөлүп кароого болбойт. Жеке жана мамлекеттик экенине карабай бул жердеги IT тармагынын ар бир өкүлү өзүнүн жеке тажрыйбасы, идеясы менен бөлүшө алат. Көпчүлүктүн жакшы пикири, демилгеси менен гана өлкөнүн IT тармагы өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан мындай IT-хабдын өлкөдө ачылышы санариптештирүү заманындагы жакшы саамалык”,-деди ал.