Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Испанияда быйыл жайында ысыктан улам 5030 адам каза тапты деп билдирет ТАСС.
Маалыматтарга ылайык, бул 2015-жылдын январынан берки эң жогорку өлүм көрсөткүчү.
Буга чейин испан метеорологдору 2026-жылдын биринчи жарымы өлкөдө акыркы 65 жылдагы эң жылуу учур болгонун билдиришкен. Ушул жылдын июнь айы экинчи эң жылуу ай болду, ал эми июль айы аба ырайына көзөмөл жүргүзүлө баштагандан 1961-жылдан берки эң ысык жана эң кургакчыл болду.