Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. Испанияда токойдогу өрт 50дөн ашык районго жайылып, кырдаал оор бойдон калууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Кастилия жана Леондо - 25, Галисияда - 14, Астурияда - 12, Экстремадурада - 25 өрт кырсыгы катталган.
Кастилия жана Леондо өрт калктуу конуштарга жетип кетүү коркунучу жаралгандыктан, учурда 3 миң 200дөн ашуун адам үйлөрүнө кайта элек.
Галисияда акыркы бир нече күндөн бери өрт менен күрөш жүрүп, 47 миң гектардан ашуун токой күйүп кеткен. Мындан сырткары августтун башынан бери кооптуу абал жарыяланган Португалияда да 78 токой өртү катталган. Анын сегизи өзгөчө чоң деп эсептелет.
Испаниянын Жарандык коргонуу кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 5 миң 100дөн ашуун өрт өчүрүүчү, 42 учак жана 305 техника тартылган.