Испанияда Пикассонун сүрөтү жоголуп кетти

Дүйнө Загрузка... 17 Октябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-10-17 at 09.53.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Испанияда атактуу сүрөтчү Пабло Пикассонун 1921-жылы тарткан "Гитара менен натюрморт" аттуу сүрөтү табышмактуу жоголду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүрөт Мадридден Гранададагы CajaGranada фондусуна өткөрүлүп, “Натюрморт” көргөзмөсүндө коюлушу керек болчу. Көргөзмө 8-октябрда “Инерциянын түбөлүктүүлүгү” аталышы менен ачылган. Бирок көлөмү болгону 12,7 х 9,8 см болгон бул эмгек көргөзмөгө жетпей калган.

Сүрөт Мадриддеги жеке үйдөн атайын көркөм чыгармаларды ташыган компания аркылуу жөнөтүлгөн. Ал 25-сентябрда башка эмгектер менен бирге кампада сакталууга алынып, Гранадага жөнөтүлмөкчү болгон. 2-октябрда жүктөр жөнөтүлүп, 3-октябрда саат 10:00дө маданий борборго жеткен. Жүктөр түндө Дейфонте шаарында токтогон - тергөөнүн негизги көңүл буруп жаткан этабы ушул жер.

Улуттук полициянын Тарыхый мурастар бригадасы фонд 10-октябрда арыз жазгандан кийин иликтөөнү баштаган. Азырынча сүрөттүн кайда экени белгисиз жана шектүүлөр кармала элек.