Испанияда аптаптуу ысыктан каза болгондордун саны 2 600дөн ашты

Дүйнө 21 август 2025 18:00
Испанияда аптаптуу ысыктан каза болгондордун саны 2 600дөн ашты

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Испанияда аптаптуу ысыктан каза болгондордун саны 2 миң 635ке жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун басымдуу бөлүгү 65 жаштан ашкан жарандар 2 миң 529ду түзөт. Алардын ичинен 75 жаштан жогоркулары 2 миң 347, ошондой эле 85 жаштан жогору курактагылар арасында 1 миң 747 адам каза болгон.

Алардын 1 миң 579у аял, 1 миң 56сы эркек.

Адистер бул көрсөткүч климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу болуп жатканын эскертишүүдө. Испания бийлиги учурда алдын алуу чараларын күчөтүүдө.