Испанияда аптаптуу ысыктан 1 миңден ашуун адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 06 Август 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-08-06 at 08.46.11.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын июль айында эле Испанияда аптаптуу ысыктан 1 миң 60 адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2024-жылдын июлуна салыштырмалуу 57%га, ал эми 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 54,5%га өсүп, кооптонууну жаратууда.

Ал эми жыл башынан бери жогорку температурадан улам 3 миң 255 адам каза болгон, бул былтыркы 2 миң 534 адамга салыштырмалуу бир кыйла жогору.

Мамлекеттик метеорологиялык агенттиктин (Aemet) маалыматы боюнча, ушул аптада Пиреней жарым аралынын көпчүлүк бөлүгү жай мезгилиндеги экинчи ысык толкундун коркунучунда турат. Ал кеминде кийинки аптага чейин созулат.