Бишкек, 20.08.2025. /Кабар/. Испанияда акыркы аптада болгон катуу ысыктын улам чыккан токойдогу өрттөр өлкөнүн бир нече аймагында дагы деле уланып жатат. Бул тууралуу “Евроньюс” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, өрт 16 күнгө созулган аптаптуу ысыктын натыйжасында тутанган.
Кастилия жана Леондо - 25, Галисияда - 14, Астурияда - 12, Экстремадурада - 25 өрт кырсыгы катталган.
Кастилия жана Леондо өрт калктуу конуштарга жетип кетүү коркунучу жаралгандыктан, учурда 3 миң 200дөн ашуун адам үйлөрүнө кайта элек.
Галисияда акыркы бир нече күндөн бери өрт менен күрөш жүрүп, 47 миң гектардан ашуун токой күйүп кеткен. Мындан сырткары августтун башынан бери кооптуу абал жарыяланган Португалияда да 78 токой өртү катталган. Анын сегизи өзгөчө чоң деп эсептелет.
Учурда аба ырайы бир аз салкындаганы менен, өлкөнүн бир катар аймактарында өрттү өчүрүү иштери уланууда. Испаниянын Жарандык коргонуу кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 5 миң 100дөн ашуун өрт өчүрүүчү, 42 учак жана 305 техника тартылган.
Европа токой өрттөрү боюнча маалымат системасынын маалыматына караганда, акыркы күндөрдө жалпысынан 38 миң гектар аянт күйүп кеткен.
Ал эми жыл башынан бери 380 миң гектар аянт күйүп кеткен. Бул 2006–2024-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн төрт эсеге көп. Өрт коюуга шектелип 32 адам кармалып, дагы 93ү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.