Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Испанияда аптаптуу ысык акыркы эки айда 1 миң 180 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Казинформ Испаниянын жаратылышты коргоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, каза болгондордун басымдуу бөлүгү 65 жаштан ашкандар жана жарымынан көбү аялдар. Эң катуу жабыркаган аймактар өлкөнүн түндүк бөлүгүндө Галисия, Ла-Риоха, Астурия жана Кантабрияда жайгашкан.
Батыш Европанын башка өлкөлөрүндөй эле Испанияда да соңку апталарда ысык толкун болуп, абанын температурасы көбүнчө 40 градустан (Фаренгейт боюнча 104 градус) ашкан.
16-майдан 13-июлга чейин ысыктан 1 миң 180 адам каза болгон.
Мындан тышкары, Европанын 12 шаарында 10 күндүн ичинде ысыктан 2300гө жакын адам ысыктан каза тапкан.