Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Испаниянын Каталония аймагында акыркы 20 жылдагы эң катуу жаан-чачын катталып, бийлик жарандарга эскертүү берип, кыймылга чектөө киргизди. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Каталониянын жарандык коргонуу кызматы Вальес-Ориенталь, Маресме, Ла-Сельва, Байш-Эмпорда жана Жиронес округдарынын тургундарына зарыл болбосо көчөгө чыкпай, жол жүрүүдөн алыс болуу сунуштады.
Барселонада жаан-чачындын көлөмү айрым райондордо чарчы метрине 100–200 литрге жеткен. Раваль районунда 190,8 литр, Диагональ аймагында 170,3 литр жаан катталган. Бадалонада 152 литр жаан түшүп, бул акыркы 21 жылдагы рекорддук көрсөткүч болгон.
Каталониянын Суу ресурстары агенттиги Бесос дарыясынын төмөнкү агымында кооптуу деңгээл ашканын жана суу ташкыны коркунучу бар экенин билдирди. Ушуга байланыштуу Бесос дарыясынын паркына кирүүгө убактылуу тыюу салынды.
Катуу жаандан улам өзгөчө кырдаалдар кызматына жүздөгөн билдирүүлөр түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр негизинен үйлөрдү жана жолдорду суу каптаган учурларга байланыштуу чакырылган. Гранольерс шаарында бир нече адам унааларында камалып калып, аларды куткаруу иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Каталония боюнча шаар аралык жана аймактык поезддердин каттамы убактылуу токтотулду. Айрым темир жол багыттары гана ишин улантууда.
Катуу жаан Испаниянын түндүгүндөгү Баск өлкөсүндө да бир катар суу каптоолорго алып келди. Бильбао шаарында ондогон көчөлөрдү суу каптап, айрым жолдор жана туннелдер жабылган.