Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Францияда жогорку класстын окуучуларынын массалык нааразылык акциялары учурунда 24 окуу жай өрттөлүп, талкаланды. Бул тууралуу Улуттук билим берүү министри Эдуар Жеффре France Inter радиосунун эфиринде билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.
Министрдин айтымында, башаламандыктардан улам 400дөн 500гө чейин окуу жайдын иши убактылуу токтотулган. 5-октябрда да алар нааразычылык акциясынын катышуучулары келтирген материалдык зыянга жана кызматкерлерге жасалган кол салууларга байланыштуу иштебейт.
”Билим берүү тармагынын 78 кызматкери жабыркады. Мындай көрүнүш буга чейин эч качан болгон эмес. Аларга атайылап, билим берүү тармагынын кызматкерлери болгону үчүн кол салышкан”, — деди Жеффре.
Францияда жогорку класстын окуучулары сентябрдын аягынан бери сабактардын ашыкча жүктөмүнө мугалимдердин жетишсиздигине жана билим берүү тармагындагы башка көйгөйлөргө каршы нааразылык билдирип жатышат. Айрым учурларда акциялар башаламандыктар жана өрт коюу менен коштолууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, нааразылык акцияларынын жүрүшүндө 5 миңден ашык адам кармалган. Алардын басымдуу бөлүгү жашы жете электер.