Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. АКШнын Гавайи аралындагы белгилүү Hōlei Sea Arch таш аркасы Тынч океанга урап түштү. 27 метр бийиктиктеги жаратылыш керемети 550 жылдан ашык убакыттан бери сакталып келген. Бул тууралуу Bild басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ билдирди.
Анда белгиленгендей, анын качан ураганы так белгисиз. 23-сентябрда ал ордунда болсо, 27-сентябрдын кечинде толугу менен жок болуп кеткен. Арканы аралга катуу жааган жаан жана бийик толкундарды алып келген Ноло тропикалык бороону кыйраткан болушу мүмкүн.
Hōlei Sea Arch Гавайи вулкандары улуттук паркында жайгашып, туристтер арасында популярдуу сүрөткө түшүүчү жайлардын бири болгон.
Жээктеги аскалар көп жылдар бою шамалдын жана толкундардын таасиринен бузулуп келген. Мындан тышкары, 2018-жылы Килауэа вулканы атылган учурда болгон жер титирөөлөр жээкти дагы да алсыраткан. 2020-жылы эле коопсуздук себептеринен улам эски байкоочу аянтча жабылган.
Учурда парк арканын ураган жерине жакындабоого чакырууда. Адистер ал жердеги аскалар туруксуз экенин жана эскертүүсүз урап кетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Hōlei Sea Arch болжол менен 550 жыл мурун байыркы лава агымынын эрозияга учурашынын натыйжасында пайда болгон. Улуттук парк кызматынын маалыматына караганда, мындай жаратылыш түзүлүштөрү убактылуу болуп саналат. Айрымдары жоголсо, убакыттын өтүшү менен алардын ордунда жаңылары пайда болот.