Ишкерлерге коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жолдору үйрөтүлдү

Экономика 14 октябрь 2026 09:10
Ишкерлерге коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жолдору үйрөтүлдү
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш 13-октябрда бизнес чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этика боюнча тренинг өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин имаратында өткөн иш-чарага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты.

Тренингде ISO 37001:2025 эл аралык стандарты, Ишкердик этиканын типтүү кодекси, коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу жолдору каралды. Ошондой эле коррупциянын алдын алуу жана ички көзөмөл механизмдерин киргизүү маселелерине көңүл бурулду.

Иш-чара 2026-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, CERT Academy эл аралык окутуу уюму эксперттик колдоо көрсөттү.