Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Ишкерге негизсиз жүктөлгөн 91 млн сомдук салык жокко чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызматкерлери "Б" ЖЧКсына карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды.
Атап айтканда, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз чегерүү аркылуу ишкердик субъектине 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз салык салынган.
Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында ишкердин бузулган укугу калыбына келтирилип, салык карызы толугу менен жокко чыгарылды. Мыйзам бузууга жол берген салык органынын 4 кызматкери КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, аларга айып пул салынды.