Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. "Чаткал Трейд Форест" жеке ишканасынын директору Таалайбек Бекмырзаев Бишкекте өтүп жаткан Чаткал районунда улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү жана климаттык каржылоо боюнча форумда аэропорттун ишин жандандыруу маселесин көтөрдү.
Ал Чаткалдагы аэропорт иштебей, жөн эле турганын айтып, анын ишин жандандырууну сунуштады.
"Чаткал Бишкектен алыс жайгашкан тоолуу, обочолонгон аймак. Ошондуктан аэропорттун ишин жандантуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен мамлекетке кайрылгым келет", – деди ал.