Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Иран азыркы учурда тарыхтагы эң катуу кургакчылыкка туш болду. Ири шаарларды суу менен камсыздаган резервдер 10%дан да аз, айрымдары 5%га гана жетүүдө. Көлдөр жана суу сактагычтар толугу менен кургап калганын Meduzа кабарлады.
Буга чейин мамлекет башчысы Масуд Пезешкиан эгер кыш башталганга чейин жаан жаабаса, Тегеранды толугу менен эвакуациялоого туура келерин айткан. Мешхед сыяктуу башка ири шаарларда да суу абалы аябай начар. Шаарды камсыздаган резервдер болгону 3%ды гана түзөт.
Батыштагы Загрос тоолорунда акыркы күндөрү жамгыр жаап, Тегеранга жакын Точал тоосуна кар түшкөн. Бирок өлкө боюнча жаан-чачын климаттык норманын ондон бирине гана жетери белгиленет.
16-ноябрда бийлик жасалма жамгыр чакыруу ыкмасын колдонууга өтүп, бул операция Урмия көлүнүн үстүндө жүргүзүлүүдө. Тегеранда жана башка шаарларда суу өчүрүү графиктери киргизилип, эл автоцистерналарга кезекке турууда.
Өкмөт суу импорттоо жана деңиз суусун туздан тазалоо технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, Бирок санкциялар жана кошуналар арасындагы чыңалган мамилелер бул аракетти чектеши ыктымал.
Кризистин себептери:
- Географиялык жактан кургак аймак;
- Акыркы жылдарда ысык жана кургак аба;
- Айыл чарбасында сугатка кеткен суу 90%ды түзөт;
- Мисте, күрүч, кызылча сыяктуу сууну көп талап кылган өсүмдүктөр өстүрүлүп келген;
- Сугат көбүнчө натыйжасыз ыкма менен жүргүзүлөт;
- Миңдеген мыйзамсыз скважиналар казылып, жер астындагы суу түгөнүүдө;
- Плотиналар дарыялардын агымын бузуп, суунун тез буулануусуна себеп болгон;
- Суунун баасы арзан болгон жана фермерлер аны үнөмсүз колдонушкан.
Борборду көчүрүү пландалууда
21-ноябрда президент Пезешкиан борборду көчүрүү маселеси чечилгенин билдирип, жаңы борбор Мекран аймагында курула тургандыгын белгилеген. Бул аймак кургак жана ысык, бирок деңизге жакын болгондуктан, шаарды деңиз суусун туздан тазалоо аркылуу камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар.