Иранда кургакчылыктан улам ГЭСтер ишин токтотууда

Дүйнө Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:25
1564193993_0_0_3639.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Ирандын батышындагы Хузестан провинциясында жайгашкан Кархе дарыясындагы гидроэлектростанциянын (ГЭС) ишин кургакчылыкка байланыштуу токтотту. Бул тууралуу Кархе ГЭСинин жана суу сактагычынын директору Амир Махмуди билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бул электростанциянын (Кархе дарыясындагы – ред.) энергоблоктору суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнөн улам ишин токтотту. Плотинанын төмөнкү ярустарынын дарбазалары ылдыйкы агымга суу жеткирүү үчүн ачылды", - деп билдирди мамлекеттик IRIB телеканалы ГЭСтин директорунун сөзүн.

Махмудинин маалыматы боюнча, Кархе суу сактагычындагы суунун учурдагы деңгээли 180 метрди түзөт, бул ГЭСтин плотинасынын иштеши үчүн зарыл болгон деңгээлден 40 метрге төмөн.

Fars агенттигинин эсептөөсү боюнча, 8-ноябрга карата өлкөдөгү 19 суу сактагыч, башкача айтканда, Ирандагы бардык иштеп жаткан суу сактагычтардын дээрлик онунчу бөлүгү толугу менен кургап калуу алдында турат, алардын суу запастары 5 пайыздан аз.

Ирандын президенти Масуд Пезешкян 11-ноябрда парламентте өкмөттүн жылдык отчетунда Иранда суу тартыштыгы бар экенин айтып, быйыл өлкө боюнча мурда катталган жаан-чачын көрсөткүчүнүн 3 пайызы гана жааганын белгиледи. Ал ошондой эле мурда белгилегендей, суунун тартыштыгы көйгөйү коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө таасир эткендиктен, аны чечүү комплекстүү жана кылдат болушу керек деген.

Президенттин айтымында, суунун тартыштыгын чечүү үчүн эксперттик комиссияларды түзүү зарыл, ага бул маселеге тиешеси бар бардык мамлекеттик органдардын адистерин жана мамлекеттик кызматкерлерди тартуу керек.

Буга чейин Ирандын мамлекеттик суу ресурстары компаниясынын башкаруучусу Хашем Амини Ирандын шаардык калкынын жарымына жакыны ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйүнө туш болуп жатканын баса белгилеген. Башкаруучу келтирген маалыматтарга ылайык, 30 жылдан аз убакыттын ичинде Ирандагы таза суунун кайра жаралуучу булактарынын көлөмү 132 млрд куб метрден 90 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда 30 пайыздан ашык азайган, ошол эле учурда өлкөдө сууну керектөөнүн көлөмү көбөйгөн.