Бразилияда иш жумасы 40 саатка кыскарышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 29 Май 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-05-29 at 08.49.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26 /Кабар/. Бразилиянын парламентиндеги төмөнкү палата иш жумасын 40 саатка кыскартууну караган конституциялык өзгөртүүнү жактырды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс билдирди.

Өлкөнүн президенти Луис Инасиу Лула да Силва демилгени колдоду. Жаңы өзгөртүү боюнча алты күндүк иш тартиби жоюлуп, кызматкерлер үчүн эки күн катары менен эс алуу күнү берилет. Ошондой эле айлык маянанын көлөмү сакталары кепилденет.

Учурда Бразилияда жумуш жумасы 44 саатты түзөт. Кызматкерлер беш күн сегиз сааттан иштеп, алтынчы күнү дагы төрт саат эмгектенишет.

Мыйзам долбоору компаниялар үчүн 14 айлык өткөөл мезгилди карайт. Бирок бизнес өкүлдөрү ыңгайлашуу үчүн көбүрөк убакыт талап кылышкан.

Эми документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Аны талкуулоо күнү азырынча белгилене элек.

Белгилей кетсек, Латын Америкасында жумуш убактысын кыскартуу тенденциясы күч алууда. Мексика 2030-жылга чейин жумуш жумасын акырындык менен 40 саатка түшүрүүнү жактырса, Чили 2023-жылы 40 сааттык иш жумасы тууралуу мыйзам кабыл алган.