Иранда күчү 5,1 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 03 Октябрь 2025 08:55
c2606b90-a086-4c71-828a-cc2928a1043e.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. Ирандын борбордук аймагында күчү 5,1 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Исфахан шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 183 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган жерде болжол менен 1,55 миллион адам жашайт. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.