Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлдү

Дүйнө 19 июнь 2025 09:00
Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлдү

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Күн мурун Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30дан баштап колдонуучулардын басымдуу бөлүгү үчүн интернетке кирүү өчүрүлгөн. Өлкөдө интернет-трафик нормалдуу деңгээлден 3%га чейин төмөндөгөн.

Өчүрүүнүн себептери расмий түрдө айтыла элек.

Эске салсак, буга чейин Иран бийлиги калктан WhatsAppты өчүрүүнү суранган.