Иранда хиджабды милдеттүү түрдө кийүү талабы жоюлду

Дүйнө Загрузка... 08 Октябрь 2025 18:02
Иранские студентки.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Иранда хиджабды милдеттүү түрдө кийүү талабы жоюлду. Тengrinews маалымдагандай, эми полиция аялдарды жоолук салынбаганы үчүн жазалабайт.

Ирандын максатка ылайыктуукту баалоо боюнча кеңешинин мүчөсү Мохаммадреза Бахонар билдиргендей, Иран аялдардын хиджаб кийүү милдетин алып салды. Эми аны кийбегендер айып пулга жана мыйзамдуу жазага тартылбайт.

“Юридикалык жана укуктук көз караштан алганда, хиджаб боюнча мыйзам долбоору мындан ары ишке ашырылбайт. Иранда юридикалык жактан милдеттүү түрдө хиджаб кийилбейт жана ал эч кандай айып, жаза же башка юридикалык кесепеттерге алып келбейт. Кандайдыр бир көйгөй жаралса, полицияга кайрылгыла”, - деди ал.

Бахонар белгилегендей, ар бир өлкөнүн өзүнүн кийим-кече кийүү салттары бар, алар сакталышы керек, ошондой эле өкмөттүн токтомдору да аткарылышы шарт. Ошол эле учурда парламент имаратынын алдына митингге чыгып, айрымдар хиджаб кийүүнү милдеттүү кылууга аракет кылып жатышат.

“Биз аларды унчукпоого үндөбөйбүз. Учурда хиджаб кийүү милдеттүү эмес”, - деп айтты ал.

Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да хиджаб мыйзамын ишке ашырууга багытталган мажбурлоо чараларына каршы чыгып, күч колдонуп хиджаб кийгизүү мүмкүн эместигин айткан.

Белгилей кетсек, хиджабды кийүүнү же кийбөөнү аялдар жана кыздар өзү чечет.