Иранда башаламандыктарга катышкан 300гө жакын адам кармалды

Дүйнө Загрузка... 14 Январь 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-01-14 at 10.09.51.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.01.25 /Кабар/. Ирандын полициясы өлкөдөгү башаламандыктарга катышкан 297 адамды кармады. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалгандар АКШ жана Израиль менен байланышкан уюмдар менен алакасы бар деп шектелүүдө.

Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валюта - иран риалынын куну түшүп кеткенинен кийин башталган. 8-январдан тарта өлкөдөгү акыркы шахтын уулу Реза Пехлевинин чакырыктарынан соң нааразылык жүрүштөрү күчөп, ошол эле күнү өлкөдө интернет өчүрүлгөн.

Айрым шаарларда акциялар полиция менен кагылышууларга айланып, бийликке каршы ураандар айтылган. Кагылышууларда коопсуздук кызматкерлери жана нааразылыкка чыккандар арасында курман болгондор бар экени кабарланган.

Иран бийлиги башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптап, 12-январда кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирген.