Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун Иран өзүнүн аба мейкиндигин ички, эл аралык жана транзиттик каттамдар үчүн ачты. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Маалыматка караганда, чечим Ирандын жарандык авиация уюмунун макулдугун эске алуу менен учуунун коопсуздугуна так баа берүүдөн кийин кабыл алынган.
Тегерандын эки аэропортунун, ошондой эле өлкөнүн түндүк, чыгыш, батыш жана түштүк аймактарындагы аэропорттордун иши кайра жанданды.
Учурда Тегерандагы, ошондой эле өлкөнүн түндүк, батыш жана түштүк аймактарындагы аэропорттор эртең мененки саат 5:00дөн 18:00гө чейин ички жана эл аралык каттамдарды аткарып жатат.
Эске салсак, Израиль 13-июнда Тегеранга жана өлкөнүн башка аймактарына абадан сокку ургандан кийин Иран аба мейкиндигин жапкан.
12 күнгө созулган жаңжалдан кийин тараптар 24-июнда ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен.