Иракта аптаптуу ысыктан улам электр жарыгы массалык түрдө өчтү

Дүйнө Загрузка... 13 Август 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-08-13 at 09.15.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Иракта аптаптуу ысыктын улам электр жарыгы массалык түрдө өчтү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Ирактын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө эки ири электр чубалгысынын иштен чыгуусунан улам энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.

Чубалгылар Бабиль жана Кербела провинцияларында ашыкча жүктөмдөн улам иштебей калган. Анткени, бул аймактарда миллиондогон зыяратчылар катышкан "Арбаин" диний жөрөлгөсү өтүп жаткан.

Кырдаал 6 миң мегаваттан ашык кубаттуулуктун күтүүсүз жоголушуна жана бир катар электр станцияларынын токтоп калышына алып келген.

Министрликтин билдирүүсүндө, өчүрүүлөр өлкөнүн көпчүлүк аймактарына таасирин тийгизген.

Аба ырайы кызматы кээ бир райондордо температура 50°C ге чейин жетерин жана мындай аптаптуу аба ырайы бир жумадан ашыкка созулушу мүмкүн экенин маалымдады.

Ведомствонун өкүлү Амер аль-Джабери Иракта акыркы убакта аптаптуу толкундар мурдагы кылымдарга салыштырмалуу "күчтүү жана бат-баттан" болуп жатканын, бул климаттын өзгөрүшү жана адам факторуна байланыштуу экенин билдирген.

Анын айтымында, үй чарбаларына колдонгон жеке генераторлордон чыккан түтүн да температуранын көтөрүлүшүнө себеп болууда.

Бийлик жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө жана жогорку жүктөм маалында энергияны көп талап кылган шаймандарды колдонбого чакырууда.