Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Акыркы жылдары өлкө аймагында турак жайга болгон муктаждык өсүп, жарандардын саны арбыган, айрыкча Бишкек шаарында.
Мамлекет мындай муктаждыкты чечүү максатында республика боюнча ипотекалык негизде үйлөрдү масштабдуу кура баштады. Алардын алдыңкылары өткөн жылдан тарта ээлерине берилүүдө.
Ушул тапта дагы канча үй курулуп, жакынкы күндөрү дагы канча жаран үй менен камсыз болот? Дегеле ипотекага үй алуу, берүү жана төлөө шарттары, баалары тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев “Кабар” агенттигине маек курду.