Ипотека жана дарылануу: 228 миңден ашык жаран топтомо пенсиясын алды

Экономика Загрузка... 20 Февраль 2026 11:15
2fac5fd4393f1f01abd30e23e7901fbb.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Жыл башында топтомо пенсиясын алгандардын саны 228 миңден ашты. Бул тууралуу Социалдык фонддун коллегиясында айтылды.

Маалымдалгандай, мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын жарандардын кызыкчылыгына колдонуу механизмдери кеңейтилди. 2026-жылдын башына карата 228 миң 670 адамга жалпысынан 6 млрд сомдон ашык төлөм берилди.

  • Турак жай: 8,8 миңден ашык жаран ипотекалык насыясын жабуу же Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн 2 млрд сомго жакын топтоолорун пайдаланды,
  • Дарылануу: 809 жаран оор ооруларды дарылоого мөөнөтүнөн мурда 132,3 млн сом каражат алды.

Социалдык фонддон белгилешкендей, 2025-жылы топтомо каражаттарды инвестициялоодон түшкөн киреше 6 734,2 млн сомду түзүп, каражаттардын ишенимдүү өсүшүн камсыз кылды.