Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. АКШнын Apple компаниясынын акциялары iPhone 17 жана анын эки версиясы — Air жана Pro презентациялангандан кийин 1,4%га төмөндөп, бир даанасы $234 болду. Бул тууралуу NASDAQ биржасынын маалыматы көрсөтөт.
Негизги iPhone 17 модели A19 чипи менен жабдылып, Apple’дин айтымында, мурунку серияга караганда сегиз саатка узагыраак иштейт. Ал эми жаңы iPhone Air модели «MacBook Pro деңгээлиндеги эсептөө мүмкүнчүлүгүнө» ээ экени презентацияда белгиленди. Ошол эле учурда iPhone 17 Pro Air моделине салыштырмалуу 1 ядро көп күчкө ээ.
iPhone 17нин баасы $799ден башталса, Air кеминде $999, ал эми Pro $1099дан сатылат. Дүйнө жүзү боюнча сатуу 19-сентябрда башталат.
iPhone моделинен тышкары, Apple жаңы 5G колдогон Apple Watch Series 11 саатын жана ар кандай тилдерден реалдуу убакыт режиминде которо алган, ошондой эле угуу аппаратынын функциясы бар AirPods Pro 3 кулакчындарын да тааныштырды.