Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров акыркы беш жылда Кыргызстанда бизнес чөйрөсү жана инвестициялык климат жакшырганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
"Ички жана тышкы инвесторлор ири региондук долбоорлорду ишке ашырууда мамлекетти узак мөөнөттүү, ишенимдүү өнөктөш катары көрө баштады", - деди президнт.
Өлкө башчысынын айтымында, мындан ары да жеке менчикти жана инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдери күчөтүлөт. Ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин биргелешкен жоопкерчилиги экенин баса белгиледи.
"Инвесторлор талаш-тартыш жаралган учурда өз укуктарын сотко чейин жана сот аркылуу ишенимдүү коргой аларына ишениши керек", - деди президент.