Дүйнөдөгү экономикалык чакырыктарга карабастан, Кыргызстан чет элдик тикелей инвестицияларды тартууда оң тенденцияны көрсөтө алды. 2025-жылы сырттан 885 млн доллардан ашык көлөмдөгү инвестиция кирген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,5%га көп. Биздин өлкөнүн мындан ары да чет элдик капиталды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бир эле Ош шаарында кайра иштетүү, туризм, логистика баштаган тармактар чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу болушу керек эле. Бирок экинчи борборубуздун инвестициялык активдүүлүгү дээрлик 44,1%га төмөндөп кеткен.
Учурда Кыргызстанда ишкерлерге шарт түзүү аркылуу чет элдик тикелей инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү маселеси актуалдуу. Президент да, өкмөт башчы да салыктын башкы булагы бизнес экенин эскертип жатышат. Акыркы 5 жылда көрүлүп жаткан чаралар жана ИДПнын 11,1% реалдуу өсүшү инвесторлор үчүн жагымдуулукту жогорулатты.
Инвестициялардын эң чоң бөлүгүн тарткан тармак – өндүрүш. Кийинки орундарда соода жана тейлөө, кен казуу өнөр жайы, ошондой эле экономиканын каржы жана камсыздандыруу сыяктуу заманбап сектору турат. Негизги инвесторлор Кытай, Россия, Түркия. Жаңы өнөктөштөрдөн Индия менен Катар активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Инвестициялардын аймактарга бөлүнүшү боюнча айтсак, капитал тартууда Бишкек шаары лидерлик позицияда. Андан кийинки орундарды Жалал-Абад, Талас, Чүй облустары ээлешкен. Нарын, Баткен жана Ош облустарында көрсөткүч төмөн. Ал эми чет элдик ишкерлердин алмашкыс тандоосу боло алат делген Ысык-Көл облусу менен Ош шаары эң артта калган.

Өткөн жылы Ош шаарына болгону 1 млн 200 миң долларлык инвестиция тартылганын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаардык мэриясынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында да тастыктады. Өкмөт башчы шаарда инвестициялык абал начарлап кеткенин белгилеп, ишкерлерге мамилени өзгөртүү тапшырмасын берди.
“Айрыкча, бизнес менен иштешүүдө өтө аяр мамиле керек. Бизнес субъектилерине карата ашыкча текшерүүлөр, негизсиз дооматтар, кирешесине кол салуу, моралдык басым, коркутуу-үркүтүү, мүлктү мыйзамсыз басып алуу сыяктуу жана башка иштерге жол берилбейт”, - деди Адылбек Касымалиев.
Ош облусунда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аймактар аралык дисбалансты борбор менен региондордо инвестиция тартуудагы айырмачылык, инфраструктура көйгөйлөрү жана айрым административдик тоскоолдуктар менен байланыштырууда. Ал эми региондор аралык инвестициялык тең салмакты камсыздоо үчүн атайын стратегия иштелип чыгууда.
“Стратегиялык инвесторлорду тартуу, жагымдуу инвестициялык климатты калыптандыруу жана долбоор демилгечилерине институционалдык колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында төмөнкү инвестициялык демилгелерди илгерилетүү жана коштоо камсыздалууда:
- IT-шаар куруу долбоору. Инвестициянын жалпы көлөмү: 758 млн АКШ доллары;
- «Энесай» турак жай комплексин куруу долбоору. Инвестициянын көлөмү: 300 млн АКШ доллары;
- Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулуш долбоору. Инвестициянын көлөмү: 95 млн АКШ доллары;
- «Евразия Групп» текстиль тигүү фабрикасын куруу долбоору. Инвестициянын жалпы көлөмү: 40 млн АКШ доллары.
Ошондой эле инвестициялык жолугушууларды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо иштери жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы.
Инвестор тобокелдикти сезген жерге акча салбайт
Инвесторлорду шектендире турган аракеттерди токтотуу зарылдыгын экономист Кубан Чороев да баса белгиледи. Эгерде жергиликтүү бизнес дем ала албай жатса, анда четтен инвестор келбейт жана алар тобокелдикти сезген жерге акча салбайт деген пикирде.

“Экинчиден, ишкердик активдүүлүктүн төмөндүгү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Ошто расмий катталган ар бир экинчи компания иштебейт. Жеке ишкерлердин 45%ы, ал эми чакан ишканалардын 15%ы гана ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул чоң көрсөткүч.
Үчүнчүдөн, эң маанилүү фактор – шаардын инвестициялык климатын өлчөөчү системанын жоктугу. Мен Ош шаардык мэриясына анонимдүү сурамжылоо системасын киргизүүнү сунуштайм. Квартал сайын же жарым жылда бир ишкерлердин текшерүүлөр, коррупциялык фактылар, жергиликтүү бийлик менен мамилесин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүш керек. Жыйынтыгындагы реалдуу абалды ачык жарыялоо зарыл. Инвестор үчүн мындай ачык маалымат – эң чоң кепилдик.
Ош – түштүк борбор, байыркы соода жана маданий шаар. Потенциалы абдан чоң. Мен үч багытты өзгөчө бөлүп көрсөтөйүн.
Биринчи – туризм. Сулайман-Тоо, Өзгөн мунаралары – дүйнөлүк деңгээлдеги объекттер. Дүйнөлүк банк аларды калыбына келтирүүгө 8,5 млн доллар бөлгөн. Эми бул жерге заманбап мейманканалар, сервис, инфраструктура керек. Ош Фергана өрөөнүндөгү эң ири туристтик борбор боло алат.
Экинчи – айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.
Үчүнчү – логистика жана соода инфраструктурасы. Ош байыртадан эле соода жолдорунун тоомунда жайгашкан. Бүгүнкү күндө бул функцияны заманбап логистикалык борборлор, ири кампа комплекстери, бөлүштүрүү борборлору менен өнүктүрүү керек”, - деди Кубан Чороев.
Экономист белгилегендей, Ошто инвестиция азайды, бирок потенциалы жоголгон жок. Тийиштүү чаралар көрүлсө туризм, айыл чарбасы, кайра иштетүү, өнөр жайы жана логистика сыяктуу тармактар капиталды кайра тарта алат.