Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тааныштырылды

Коом 27 Март 2025 13:10
487345119_973932051585270_7696051851799084985_n (1).jpg
486703792_973932224918586_8704410736227620879_n.jpg
487336717_973932571585218_8040820989529274216_n.jpg
486839384_973932328251909_146538834012096510_n.jpg
Алдыга
Артка
487345119_973932051585270_7696051851799084985_n (1).jpg
486703792_973932224918586_8704410736227620879_n.jpg
487336717_973932571585218_8040820989529274216_n.jpg
486839384_973932328251909_146538834012096510_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. 2025-жылдын 26-мартында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун тааныштыруу иш-чарасы өттү.

Мекемеден билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлерге уңгужолдун маңызын жана анын инвестициялык саясатка тийгизе турган таасирин түшүндүрүү болду.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов, ошондой эле агенттиктин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Төрага Мелис Мураталиев атайын презентация жасап, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" – бул биздин мамлекетти бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан стратегиялык багыт. Ар бир мамлекет күчтүү болуу үчүн өзүнүн улуттук демине таянышы керек. Улуттук демибиз канчалык күчтүү болсо, биз дүйнөлүк бийиктиктерге ошончолук жакын болобуз," - деп билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу мамлекеттик кызматтын бардык тармактарына, анын ичинде инвестициялык саясатка да терең сиңиши керектигин белгилешти.

Катышуучулар бул концепцияны иш жүзүндө кантип колдонууга боло тургандыгы тууралуу сунуштарын беришти.