Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Graphite компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, интернеттеги макалалардын жарымынан көбү жасалма интеллект аркылуу жазылган. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, көптөгөн компаниялар учурда ChatGPT, Claude жана Gemini сыяктуу негизги жасалма интелект платформасын активдүү колдонуп жатышат.
Көпчүлүк учурларда, жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн макала адамдар тарабынан жазылган тексттерге барабар, кээде андан да жогору болот.
Адатта, макала ким тарабынан түзүлгөнүн аныктоо кыйынга турат.
2022-жылдын ноябрында ChatGPT ишке киргизилгенден бери жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн макалалардын санынын олуттуу өсүшү байкалды. 12 айдын ичинде мындай макалалар бардык басылмалардын дээрлик жарымын (39%) түзгөн.