Инсульт – бул өтө олуттуу оорулардын бири. Ал мээдеги кан айлануунун бузулушунан келип чыгып, нерв клеткаларынын жабыркашына же таптакыр өлүп калышына алып келиши мүмкүн. Анын негизги белгилери – сүйлөө речинин жана аны түшүнүүнүн, ошондой эле кайра айта билүүнүн бузулушу, басуудагы жана ориентация алуудагы көйгөйлөр, угуу жана көрүүнүн кескин түрдө начарлоосу, беттин кыйшаюусу жана бет булчуңдарынын жансызданып калышы, рефлекстердин өзгөрүшү - кармоо рефлексинин күчөшү, жутуу рефлексинин төмөндөшү.
Ишемиялык инсульт – инсульт оорусунун эң кеңири тараган түрүнө кирет. Ал мээни кан менен камсыздаган артерия тромб менен бүтөлүп калганда же тарыган учурда пайда болот.
Геморрагиялык инсульт - мээдеги артерия жарылып, кан куюлуп кеткенден улам болот.
Кыргызстандагы өлүмдүн негизги себептеринин бири - инсульт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүмдөрдүн болжол менен жарымы дал ушул илдетке таандык. 2023-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүмдөрдүн 52%ы инсультка тиешелүү болгон.
Бүгүнкү күндө инсульт барган сайын жашарып баратат. Мындан улам медицина адистери да бул тууралуу коңгуроо кагышууда. Андыктан, бул көрүнүш эмне себептен улам болуп жатканын жана бул оорунун алдын алуу жолдору жөнүндө жогорку категориядагы невролог, “Саламаттык сактоонун отличниги” Элмира Иманкулова айтып берет.

- Инсульт эмне үчүн жашарып баратат жана бул канчалык деңгээлде тараган?
- Инсульт - бул кан тамырлардын оорусу. Ошондой эле ал жаш куракка эмес, жашоо образына жараша өзгөрөт. Акыркы убактарда инсульт оорусу барган сайын жаштардын жана активдүү адамдардын арасында да көп кездешүүдө. Ошондуктан анын алдын алуу иштери жаштарга, өзгөчө тобокел тобуна багытталышы керек.
Соңку 20 жылдын ичинде 45 жашка чейинки адамдардын инсультка кабылган учурлары 40–50%га өскөн. Жалпысынан алганда бул илдеттин 15–20%ы 50 жашка чыга элек бейтаптарда болууда. Жаштар арасындагы инсульт ишке жөндөмдүүлүктүн эң жогорку мезгилине туура келгендиктен, көбүнчө оорураак өтөт.
- Жаштар арасында инсульт оорусунун өсүп жатышына кандай факторлор себеп болууда?
- Артериялык гипертензия, тамеки тартуу (көбүнчө энергетиктер жана алкоголь), аз кыймыл, салмак кошуу, метаболикалык синдром, стресс, тромбофилиясы барлар контрацептивдерди колдонгон учурда, генетикалык жана аутоиммундук оорулар.
- Жаштар арасындагы инсульт илдетинин алдын кантип алса болот?
– Профилактилык иштерге - артериялык басымды көзөмөлдөө, кан тамырлардын тобокелдик факторлорун скринингден өткөрүү (липиддер, глюкоза, коагулограмма), тромбофилияларды жоюу, тамырларды УДИден өткөрүү, эхокардиография, ден соолукка пайдалуу жашоо образы — физикалык активдүүлүк, тамеки жана спирт ичимдиктеринен баш тартуу, стрессти башкаруу жана психотерапия кирет.