Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү: Жаңы кадамдар талкууланды

Билим 22 Январь 2026 09:44
1.jpg
616176529_1333136428860098_4277566081969373917_n.jpg
616814908_1333136565526751_5073118200880697286_n.jpg
616975700_1333136555526752_4151853600067262730_n.jpg
617213793_1333136568860084_4758739825444911812_n.jpg
618977048_1333136435526764_455094197816721408_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлигинде инклюзивдик билим берүүнү жакшыртуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева, анын орун басары Надира Жусупбекова, Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун мугалимдери жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык-педагогикалык институттун мугалими Салтанат Агзымова кыргызстандык делегациянын Португалия жана Литва өлкөлөрүнө жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча презентация жасап, аталган мамлекеттердеги инклюзивдик билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен тааныштырды.

Ошондой эле эл аралык тажрыйбаны Кыргызстандын инклюзивдик билим берүү системасына адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жыйындын соңунда министр инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.