Акыркы жылдары Кыргызстанда инфраструктураны жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдар жасалууда. Географиялык жактан тоолуу өлкө болгондуктан, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, энергетикалык системаны жаңылоо жана социалдык инфраструктураны чыңдоо мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши жана инвестициялык саясаттын активдешүүсү бул тармактарда көрүнүктүү жыйынтыктарды берүүдө.

Транспорт жана жол коопсуздугу
Жол инфраструктурасы — бул экономиканын күзгүсү. 2021-жылдан бери тармакта каржылоо эки эсеге өсүп, эл аралык жана ички маанидеги жолдорду куруу жаңы деңгээлге чыкты. 2021–2025-жылдары өлкө боюнча 3 миң 684 километрден ашык жол курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бир гана 2025-жылы рекорддук 1 545 км жол ишке берилген. Ал эми 2026-жылга карата министрлик өлкөнүн жол тармагына бекитилген бюджетине ылайык, 1 миң 500 км ашуун жолдорду куруу жана оңдоо иштерине милдеттендирилген. Мындан тышкары, учурда өлкөдө 30га жакын маанилүү долбоорлор боюнча объектилерде пландуу иштер аткарылууда.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: Бул стратегиялык долбоор өлкөнүн эки аймагын байланыштырган экинчи чоң коридор катары ишке ашууда. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, Жалал-Абад - Казарман - Арал - Кочкор - Балыкчы аркылуу өтөт. Жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоо менен жолдун курулушун аяктоо 2028-жылга белгиленген.
Темир жол байланышы: Ондогон жылдар бою айтылып келген Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна 2024-жылдын аягында президент Садыр Жапаров тарабынан старт берилген. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын аймагындагы тилкесинде туннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Бул долбоор Кыргызстанды транзиттик хабга айлантуу менен Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө, Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачат.

Аэропорттор жаңыланууда: Учурда "Манас" аэропорту дүйнөлүк стандартка ылайык жаңыланып, терминалы 20 миң чарчы метрге чейин кеңейтилүүдө. Ошондой эле 650 орундуу жаңы жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүүдө. Ал терминал менен туташтырылып, жыл мезгилине карабастан жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылат. Азыркы учурда өлкө боюнча 11 аэропорт иштейт: “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Баткен” эл аралык аэропорттору, ошондой эле аймактардагы Нарын, Талас, Жалал-Абад, Кербен, Раззаков, Казарман аэропорттору.
Зардалыга алгачкы унаа жол: Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолунун курулушу өткөн жыл соңунда аяктап, пайдаланууга берилген. Аталган жолго узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулган. Андан тышкары, айыл электр энергиясы менен камсыздалып, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрү маалымдалган.

Энергетикалык көз карандысыздыкка багыт
Энергетика тармагында акыркы 5 жылда ири ГЭСтерди куруу жана эскисин модернизациялоо негизги артыкчылык болууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзгөн 48 чакан ГЭС иш үстүндө. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү – бул энергетика тармагын диверсификациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарын камсыздоо багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү.

Камбар-Ата-1 ГЭСи: Негизги даярдык этабы жыйынтыкталып, ГЭС курууну каржылоо маселеси Вашингтондо талкууланды. Курулуштун биринчи баскычы катары узундугу 800 метр болгон эки туннелди казуу иштери башталат. Бул туннелдер даяр болгондон кийин плотинаны жана ГЭСтин негизги имаратын курууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоор ишке ашырылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 1 860 МВт түзүп, Кыргызстандагы эң ири гидроэнергетикалык объект болот. Бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдеп, ички керектөөнү толук камсыз кылуу менен катар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Андан тышкары, кубаттуулугу 120 МВт болгон Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү 2029-жылга пландаштырылганы белгилүү.

Чакан ГЭСтердин курулушу: Соңку жылдары жеке инвесторлор жана мамлекет тарабынан 50дөн ашык кичи ГЭСтерди куруу долбоорлору ишке ашырыла баштады. Бул өлкөдөгү энергия тартыштыгын жоюуга чоң салым кошмокчу. Учурда республика боюнча курулуп жаткан 50 чакан ГЭСтин 13үн быйыл бүтүрүп, ишке киргизүү пландалган.
Жылуулук борборлору: Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана борбор калаанын жылуулук тутумдарын жаңылоо иштери жүрүүдө. Бишкек ЖЭБи 2027-жылдан баштап газ менен иштей турганын “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирген. Бул шаардын экологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Ошондой эле борбор калаадагы ЖЭБ-2 реконструкциядан кийин алдыдагы кыш мезгилинде ишке кире тургандыгы маалымдалган.

Транспорт, энергетика тармагынан тышкары, адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган өлкөнүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай менен камсыздоо, маданият жана спорт тармагында ири иштер аткарылууда. Жыйынтыктап айтсак, акыркы жылдар Кыргызстан үчүн ички ресурстарды кеңири колдонуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу доору катары тарыхта калмакчы. Инфраструктурага салынган бул инвестициялар жакынкы жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) туруктуу өсүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына негиз болот.