Индонезиянын батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 23 Май 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-05-23 at 08.37.06.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Бүгүн Индонезиянын батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу 1,4 миллионго жакын адам жашаган Суматра аралындагы Палембанг шаарынан 300 чакырым түштүк-батышта болгон. Сейсмикалык кырсыктын очогу 55 км тереңдикте жайгашкан.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, провинциянын борборунда 33дөй турак жай жана бир имарат жабыркап, бир нече адам жаракат алган. Жабыркагандардын саны тууралуу азырынча маалымат жок.