Индонезиядагы жер көчкүдөн 7 киши каза болуп, 12си жаракат алды

Дүйнө 31 май 2025 12:02
Индонезиядагы жер көчкүдөн 7 киши каза болуп, 12си жаракат алды

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Бүгүн эртең менен Индонезиянын Батыш Ява провинциясында карьерди басып калган жер көчкүдөн кеминде жети адам каза болуп, 12 киши жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Маманг-Фатмоно райондук издөө-куткаруу башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Чиребон районундагы Бобос айылында болгон.

“Окуя болгон жерден жети адамдын сөөгү табылды. Учурда дайынсыз жоголгон үч адамды издеп жатабыз.Издөө-куткаруу иштери уланууда”,- деген Маманг-Фатмоно райондук издөө-куткаруу башкармалыгынын ыкчам бөлүмү.