Индонезиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 19га жетти

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2025 10:36
WhatsApp Image 2025-06-02 at 09.58.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. Индонезиянын Батыш Ява провинциясында карьердеги жер көчкүдөн каза болгондордун саны 19га жетти. Бул тууралуу Синьхуа жазды.

Батыш Ява провинциясынын табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин басма сөз катчысы Хади Рахмат Харжасамита күн мурун куткаруучулар тарабынан Чиребон регенциясынын Бобос айылындагы Гунунг Куда шахтасында дагы эки адамдын сөөгү табылганын билдирген.

Издөө-куткаруу иштери карьерде жаңы түшкөн жер көчкүдөн улам убактылуу токтотулганын облустук издөө-куткаруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Маманг Фатмоно билдирди.

“Бүгүн биздин алдыбызда татаал милдет турат. Саат 11:10до жаңы жер көчкү түшкөндүктөн, издөө иштери убактылуу токтотулган. Эртең издөө иштери улантылат”, - деген ал.

Эске салсак, 30-майда Индонезиянын Батыш Ява провинциясында карьерди басып калган жер көчкүдөн кеминде жети адам каза болуп, 12 киши жаракат алып, үчөө дайынсыз жоголгон. Кырсык Чиребон районундагы Бобос айылында болгон.