Бишкек, 7.11.25 /Кабар/. Индонезиянын Борбордук бөлүгүндө, Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы 4,7 чакырымга чейин күл чачыратты. Бул тууралуу Antara агенттигине таянып ТАСС билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, күлдүн бийиктиги кратердин үстүнөн миң метрге чейин жетип, түндүк жана түндүк-чыгыш тарапка тарады.
Индонезиянын Вулканология жана геологиялык коркунучтарды азайтуу борбору жергиликтүү тургундарга этият болууну жана вулкандын айланасына 3 чакырымдан жакын барбоону эскертти.
Белгилей кетсек, Семеру — деңиз деңгээлинен 3 676 метр бийиктиктеги, Ява аралындагы эң бийик чоку жана Индонезиядагы төртүнчү эң бийик вулкан болуп саналат.
Индонезия дүйнөдөгү эң ири архипелаг болуп, 18 миңге жакын аралдан турат. Ал Тынч океандын “Оттуу шакеги” деп аталган сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан. Өлкөдө 500дөн ашык вулкан бар, алардын болжол менен 130у — активдүү.