Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Индонезиядагы Флорес аралында жайгашкан Левотоби вулканы бир күндө эки жолу атылды. Бул тууралуу Индонезиянын Вулканология жана геологиялык коркунучтарды азайтуу борборуна таянып, ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, вулкандын кратеринен чыккан күл 5 миң метрге чейин көтөрүлүп, деңиз деңгээлинен 6 584 метр бийиктикке жетти.
Күл менен түтүн батыш жана түндүк-батыш тарапка тездик менен жайылууда. Тургундар менен туристтерге адистердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу жана дем алуу органдарын коргоо үчүн беткап же респиратор тагынуу сунушталды.
Левотоби – кош чокулуу вулкан болуп, алардын ичинен эң активдүүсү - Левотоби Лаки-лаки чокусу (1 584 м).
Индонезия дүйнөдөгү эң ири архипелаг болуп, анда 18 миңден ашык арал бар. Ал Тынч океандын “Оттуу алкагында” жайгашкандыктан, сейсмикалык жактан өтө кооптуу. Өлкөдө жалпысынан 500гө жакын вулкан катталган, алардын 130дан ашыгы учурда активдүү.