Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. Индонезиянын Борбордук Сулавеси провинциясында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, 10 адам каза болуп, 29 киши жаракат алды. Бул тууралуу Индонезиянын Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу агенттигине таянуу менен менен, Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор.
Индонезия сейсмикалык жактан өтө активдүү болгон "Тынч океандагы от шакеги" деп аталган аймакта жайгашкан.
Жер шарындагы бардык жер титирөөлөрдүн 90 пайызы дал ушул аймакта катталат.