Бишкек, 6.10.25. /Кабар/. Индонезиянын Ява деңизинде метеорит түшүп, жарылуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып, Российская газета басылмасы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, асмандан учуп өткөн жаркыраган жарык топ жергиликтүү тургундарды чочуткан. Кийинчерээк Улуттук изилдөө жана инновациялар агенттиги бул көрүнүш метеориттин түшүшү менен байланыштуу экенин расмий ырастады.
Метеорит жекшемби күнү Кунинган жана Чиребон шаарларынын үстүнөн учуп өтүп, андан соң Ява деңизине кулаган. Атмосферанын ылдый катмарынан өтүп жаткан учурда андан катуу үн чыгып, жер титирегендей таасир калтырган.
Социалдык тармактарда метеориттин түшүшүнөн кийин чыккан өрттүн видеолору да жарыяланды.
Астроном Томас Джамалуддиндин айтымында, жарылуу жана жарык эл үчүн коркунуч жараткан эмес.