Индонезияда суу ташкынынан каза болгондордун саны 442ге жетти

Дүйнө Загрузка... 01 Декабрь 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-12-01 at 08.41.23.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Индонезиянын Суматра аралында катталган суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн улам каза болгондордун саны 442 адамга жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, азыркы тапта аралда масштабдуу эвакуация иштери жүрүп жатат. Негизги жолдор жабылып, интернет жана электр энергиясы жарым-жартылай гана калыбына келтирилди.

Түштүк-Чыгыш Азияда соңку жылдардагы эң ири суу ташкындары тропикалык бороондордон улам күч алган муссондордун кесепетинен пайда болду. Индонезиядан сырткары Малайзия менен Таиландда да жүздөгөн адамдар каза болуп, дайынсыз жоголгондор бар. Аймак боюнча миллиондогон адамдар жабыркаган.

Эске салсак, Индонезияда катталган Сенжар аттуу тропикалык циклон жер көчкүлөрдү жана суу ташкындарын жаратып, миңдеген имараттарды суу каптап, үйлөрдү жууп кеткен.

Индонезиянын кырсыктар боюнча агенттиги билдиргендей, куткаруу иштерине жаман аба ырайы тоскоолдук жаратууда. Он миңдеген адамдар эвакуацияланганына карабастан, жүздөгөн тургундар дагы эле кооптуу абалда.

Эң катуу жабыркаган Тапанули аймагында тургундар азык-түлүк тартыштыгынан улам дүкөндөрдү тоноп жатканы кабарланган. Жергиликтүү эл Суматра аралын улуттук кырсык аймагы деп жарыялоону талап кылып, куткаруу кызматтарынан ыкчам жана координацияланган аракеттерди күтүп жатышат.