Индонезияда Семеру вулканы бир күндө төрт жолу атылды

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-07-10 at 15.46.35.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 10.07.25 /Кабар/.Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы бир күндө төрт жолу атылып, 1000 метр бийиктикке чейин күл ыргытты. Бул тууралуу Антара агенттигине таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Бул деңиз деңгээлинен 4 676 метрге чейин жетет. Күл батышты жана түштүк-батышты көздөй тарады.

Индонезиянын геологиялык кызматтары жергиликтүү тургундарды жана туристтерди этият болууга жана кратерден 3 чакырым алыстыкта болууга чакырууда.

Дүйнөдөгү эң чоң Индонезия архипелагы 18 миңге жакын аралдан турат. Бул аймакта жер титирөөлөр жана вулкандар көп болот. Анда жалпысынан 500дөн ашык вулкан бар, алардын ичинен болжол менен 130у азыркы учурда активдүү. Семеру — Ява аралындагы эң бийик чоку жана Индонезиядагы төртүнчү чоң вулкан.