Индонезияда мектептин урашы - 59 адам урандылардын алдында калууда

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 15:25
d9716b40-9f59-11f0-af95-eb0d48238f5d.jpg.webp
copyright icon www

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Индонезияда урап түшкөн мектептин урандыларынын алдында калган 59 адамдан жашоо белгилери табылган жок. Бул тууралуу ВВС өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигине (BNBP) таянуу менен кабарлады.

1-октябрда кечинде BNBP жетекчиси Сухарьянто билдиргендей, куткаруучулар жогорку технологиялуу жабдууларды, анын ичинде тепловизорлорду колдонгон. Бирок урандылардын арасынан эч кандай белги байкалган эмес.

«Биз кечээ атайын жерди тынчтандырып, жабдуулар аркылуу жашоо белгилерин угууга аракет кылдык. Тилекке каршы, майнап чыккан жок», — деди Сухарьянто.

Мындан улам, куткаруучулар жерди чоң техника менен тазалоо этабына өтүүгө аргасыз болушкан. Алар урандылардын ичиндеги бетон плиталарды крандар менен көтөрүп же бөлүп кесүү аркылуу тазалоону улантышат.

Алгач мындай ыкманы колдонуу кооптуу деп эсептелген, анткени экинчи жолу урап түшүү ыктымалдыгы бар болчу. Бул болсо мүмкүн болгон тирүү адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратмак.

Эске салсак, 29-сентябрда Индонезиянын Сидоарджо шаарындагы эки кабаттуу мектеп-интернат урап түшкөн. Болжол менен жүздөгөн окуучулар, негизинен өспүрүмдөр, ошол учурда имараттын ичинде болушкан.

Акыркы маалыматтарга караганда, кеминде 5 окуучу каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

Ушул күнгө чейин 59 адам жоголгондордун катарында саналууда.

Мектеп имаратына кошумча эки кабат курулуп жаткан жана анын натыйжасында фундамент салмагын көтөрө албай урап түшкөнү айтылууда. Шаар бийлиги билдиргендей, мектеп жетекчилиги кошумча кабат куруу үчүн расмий уруксат алган эмес.