Индонезияда мектеп-интернат урап, каза тапкандар бар

Дүйнө Загрузка... 01 Октябрь 2025 09:05
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.51.08.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында мектеп-интернат урап түшүп, анын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы 99 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, мындан сырткары урандылардын алдында дагы 38 адамдын калганы болжолдонууда, алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр.

Жергиликтүү кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук агенттиктин маалыматына караганда, эки кабаттуу имараттын пайдубалы начар болгондуктан, кошумча салынган кабаттарга чыдабай урап калган.

Түн ичинде ондогон куткаруучулар тирүү калгандарды издешкен, бирок имараттын дагы урап кетүү коркунучунан улам издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулган.

“Урандылардын астында дагы адамдар бар болушу мүмкүн”, — деди Басарнас издөө-куткаруу агенттигинин башчысы Мохаммад Сяфие.

Анын айтымында, агенттик атайын адистештирилген операцияга даярданып жатат. Окуя болгон жерге ар кайсы аймактардан жабыркагандарды чыгарып алуу үчүн атайын шаймандар менен жабдылган куткаруу бөлүмдөрү жөнөтүлгөн.