Индонезияда күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 31 март 2025 12:44
Индонезияда  күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Индонезияда бүгүн күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, сейсмикалык активдүүлүктүн очогу 250 миңдей адам жашаган Банда-Ачех шаарынан 12 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.