Индонезияда катуу суу ташкыны 303 адамдын өмүрүн алды — Кабар

Индонезияда катуу суу ташкыны 303 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 30 ноябрь 2025 15:22
Индонезияда катуу суу ташкыны 303 адамдын өмүрүн алды
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Индонезиянын Суматра аймагынын үч провинциясында катуу сел жана жер көчкүдөн 303 адам каза болуп, 279 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Казфинформ агенттиги жазды.

Индонезиянын Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигинин башчысы Сухарянто билдиргендей, эң көп жоготуу Түндүк Суматра провинциясында катталган. Аталган аймакта 166 адам каза болуп, 143 адам дайынсыз жоголгон.

Батыш Суматрада 90 адамдын каза болгону жана 85 адамдын дайыны чыкпай жатканы маалымдалды. Ал эми Ачех провинциясында 47 адам көз жумуп, 51 адам дайынсыз жоголгон.

Куткаруу иштерине жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар кызматы, аскерлер жана ыктыярчылар тартылып, издөө-куткаруу аракеттери улантылып жатат.

Адистердин айтымында, катуу жаан-чачын дагы бир нече күнгө улануусу мүмкүн.