Индонезияда 6,4 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 29 Октябрь 2025 09:00
d4d6e695-ca1d-472e-be3d-f1c6ce801fd8.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Индонезиянын жээгиндеги Банда деңизинде 6,4 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа–Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Амбон шаарынан (калкы болжол менен 355 миң киши) 388 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Очогунун тереңдиги 144 чакырым болгон.

Азырынча кыйроо же жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Цунами коркунучу жарыяланган эмес.