Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Индонезия 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү максатында 2032-жылга карата биринчи атомдук электр станциясын ишке киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, атомдук энергетика өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоонун стратегиялык багыты катары каралууда.
"Атомдук электр станциялары мындан ары акыркы чара катары эмес, улуттук энергетиканы пландаштыруунун маанилүү бөлүгү катары бааланууда", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Өкмөттүн планына караганда, 2030-жылга чейин Индонезиянын энергетикалык балансындагы атомдук энергиянын үлүшү 5 пайызды, ал эми 2060-жылга чейин 11 пайызды түзүшү күтүлүүдө.
Бирок, долбоор каржылоо, курулуш мөөнөтү жана коомдук коопсуздук маселелери боюнча бир катар кыйынчылыктарга туш болууда. Өкмөт өзөктүк энергияны коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн тобокелдиктерди азайтуу, жөнгө салуучу көзөмөлдү күчөтүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча чараларды көрүүдө.