Индияны суктанткан кыргыз өнөрү. Ош филармониясынын артисттери эл аралык фестивалга катышууда

Маданият 21 Январь 2026 12:13
616046671_1185099820448439_428726734665247885_n.jpg
615795464_1185100073781747_4902225172184659589_n.jpg
615957826_1185099900448431_4324683146952870830_n.jpg
615957867_1185099943781760_1100933309800609908_n.jpg
615964175_1185100000448421_3378527417103465671_n.jpg
616011206_1185100120448409_5836204564031503890_n.jpg
616372078_1185100017115086_5476430755641674131_n.jpg
616561936_1185100070448414_8097184347506218711_n.jpg
616860350_1185099893781765_875554518898379161_n.jpg
617499230_1185099963781758_2252802927253109478_n.jpg
618630975_1185099830448438_1791973496678042399_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Ош облустук филармониясынын "Аалам" фольклордук тобу жана "Адеми" бий ансамбли 13-24-январда Индияда өтүп жаткан XI эл аралык "Рамаяна" фестивалына катышууда.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан катышып жаткан чыгармачыл жамааттар өлкөнүн маданий элчилери катары өнөр көрсөтүшүүдө.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин бай тарыхын жана руханий дүйнөсүн чагылдырган улуттук кийимдер, байыркы музыкалык аспаптар, ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуу "Манас" эпосунун негизиндеги көркөм программа сунушталып, дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жана жогорку баасын алууда.

Маалымат үчүн: 2025-жылдын октябрь айында Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын "Мөлмөл" эл аспаптар оркестри Индияда өткөн элдик фольклордук аспаптардын IX эл аралык "Рамаяна" фестивалына катышып, жогорку деңгээлдеги өнөрү менен өзгөчөлөнүп, ийгиликтүү жыйынтыктар менен кайтып келген.