Индияда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 20 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 15 Октябрь 2025 13:29
WhatsApp Image 2025-10-15 at 13.26.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Күн мурун Индиянын батышындагы Раджастхан штатында жүргүнчү ташыган автобус күйүп, кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиг жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Раджастхан штатынын борбору Жайпур шаарынан 548 чакырым батышта жайгашкан Жайсалмер районунда болгон. Автобуста жалпысынан 57 жүргүнчү болгон.

Түтүн адегенде автобустун арткы бөлүгүнөн чыга баштаган. Айдоочу дароо токтоткон менен жалын бат эле салонго тараган.

Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча тактала элек. Учурда ийиштүү кызматтар учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө.